Эрдоган саясий карьерасы аяктап жатканын кыйытты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн 2024-жылы мартта боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоосу анын саясий карьерасынын акыркысы болорун билдирди. Бул тууралуу түрк лидери Reuters агенттигине берген маегинде айтты.

"Бул мен үчүн финал. Мыйзам тарабынан берилген мандатка ылайык, бул менин акыркы шайлоом", - деген Эрдоган.

Эрдоган жеке өзү жергиликтүү шайлоолорго түз катышпайт. Бирок азыр ал жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясы Анкара менен Стамбулдагы оппозициялык талапкерлерди жеңе алабы деген суроо туулат.

Эрдоган Түркияда 20 жылдан ашуун бийликте. 2003-жылы алгач премьер-министр болуп шайланса, 2014-жылы президент болуп, андан кийин эки жолу кайра шайланган.

Анын ыйгарым укуктары 2028-жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан