Өзбекстандагы төрөт үйлөрүнүн биринде сойкукана уюштурулганы аныкталды

Коңшу Өзбексиатндын Бухара облусунун райондук медициналык бирикмесинин төрөт бөлүмүндө интимдик жолугушууну уюштуруу үчүн сойкукана иштегени аныкталды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү кечинде Бухара облусунун Шафиркан районунда укук коргоо кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, анын жүрүшүндө сутенёрди кармашкан. Ал райондук медициналык бирикменин төрөт бөлүмүнүн 40 жаштагы кызматкери болуп чыкты. Сутенёр кардардан 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалган, ал ага түздөн-түз төрөт бөлүмүнүн аймагында интимдик жолугушууга шарт түзүп берүүнү убада кылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Эске салсак, былтыр жайында Ромитан районунда жергиликтүү медициналык борбордун 58 жаштагы кызматкери түз эле иштеген жерине сойкукана ачкан. Ал каалаган адамга мамлекеттик мекемедеги бөлмөнү жөнөкөй акыга ижарага берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-03-10 18:57:00
Биздин төрөт үйлөрдө келиндерге болгон мамиле абдан начар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан