"Борбор шаар курчоого алынып". Гаитиде жаңжал курчуду

Гаитидеги америкалык аскерлер элчиликтин техникалык кызматкерлерин өлкөдөн чыгаруу операциясын өткөрүшүп, европалык дипломаттар да Гаитиден чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Евробиримдиктин Гаитидеги өкүлдөрү коопсуздук максатында кеңселерин убактылуу жаап, өлкөдө болушун минималдуу деңгээлге түшүрүштү.

Соңку күндөрү Гаитиде куралдуу топтордун полиция бөлүмдөрүнө, түрмөлөргө жана сот имараттарына бир катар кол салуулары болду. Андагы маалыматка караганда, азыр куралчан адамдар Гаитидеги борборду толук көзөмөлдөп, борбор шаарды курчоого алышкан. Ошондой эле өлкөнүн калган бөлүгүндөгү транспорттук байланыштарды көзөмөлдөп турушат. Гаитидеги эки эл аралык аэропорт тең зордук-зомбулуктан улам жабылды.

Гаитидеги мамлекеттик жана инфраструктуралык объектилерге кылмыштуу топтордун чабуулдары марттын башынан бери уланууда. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилди. 9-мартта куралдуу топтор баш калаа Порт-о-Пренстеги өкмөттүк имараттарга, полиция бөлүмдөрүнө, Ички иштер министрлигине жана президенттик сарайга кол салышкан.

Кырдаалдын курчушу Кенияда визит менен жүргөн Гаитинин премьер-министринин милдетин аткаруучу Ариэль Генри өлкөдө жок учурда болду. Порт-о-Пренстин жанындагы атышуулардан улам Анри Гаитиге кайтып келе алган эмес.

Ошондой эле куралдуу адамдар борбор шаардагы түрмөнү басып алып, андагы 4000дей туткунду эркиндикке чыгарып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан