Бириккен Араб Эмираттары нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу алдында калды (сүрөт, видео)

9-мартта Бириккен Араб Эмираттарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, жолдорду суу каптады. Тактап айтканда, Дубай жарым-жартылай суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Дубай бийлиги суу каптаган жолдорду тазалоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди. Ошондой эле жумушчулар көп кабаттуу жер астындагы унаа токтотуучу жайга суу каптоонун алдын алуу үчүн кум каптарды коюуда. Унаа токтотуучу жайларды, ал тургай бир нече үйдү суу каптаган. Көптөгөн унаалар жаан-чачында сууга тыгылып калып, эвакуаторлор куткарышты.

Ага ылайык, Улуттук метеорология борбору күндүн аягында жаан-чачындын ар кандай интенсивдүү болушун, ошондой эле күн күркүрөшүн эскертти. Ал эми ага байланыштуу жергиликтүү тартип сакчылары тургундарды унаа айдап, көчөдө жүргөндө этият болууга чакырды.

Кошумчалай кетсек, Рас-ал-Хайма шаарынын тургундарына аба ырайынын начарлашынан улам жер көчкү коркунучу тууралуу эскертилген. Жер көчкү Эмират Роудуна баруучу көчөдө болгон.

Бириккен Араб Эмираттары нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу алдында калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан