Баку Еревандан эксклавга кирбеген төрт айылды тезинен бошотууну талап кылууда, ошондой эле дагы төрт эксклав айылы боюнча маселени көтөрүүдө. Бул тууралуу Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев брифингде билдирген.
"Армения басып алган 4 эксклавдык эмес кыштактары (Баганис Айрим, Ашаги Аскипара, Хейримли жана Гызылгажылы) Азербайжанга таандык экени талашсыз жана алар токтоосуз бошотулууга тийиш", - деген ал.
Мындан тышкары, вице-премьер-министрдин кеңсеси белгилегендей, Азербайжандын армяндар көзөмөлдөгөн төрт эксклав айылы (Юхари Аскипара, Софулу, Бархударли жана Карки) боюнча маселе Армения-Азербайжан чек арасын делимитациялоо процессинин алкагында чечилет.
Ошол эле учурда Баку армян маалымат каражаттарынын Азербайжандын 31 армян кыштактарын басып алганы тууралуу маалыматын четке какты.