Бүгүн, 11-мартта Мамлекеттик курулуштун директору Нурдан Орунтаевдин жана Министрлер кабинетинин тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Назгүл Мекешованын катышуусунда, Мамкурулуштун аппаратынын кызматкерлерине жаңы орун басарын тааныштырды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакай Турдугулов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.