38 жаштагы мушкер, IBF версиясы боюнча Европанын жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Бесар Ниманини Германияда атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Экс-боксчуну ишемби күнү кечинде Германиянын Билефельд шаарындагы ресторандан чыгып бараткан жеринен атып кетишкен. Ошол маалда 10го жакын атылган ок угулган. Ниманинин артында бир уулу (2015-жылы туулган) жана эки кызы (2020 жана 2021-жылдары туулган) калды.
Нимани 1985-жылы Косоводо төрөлүп, 1997-жылы Германияга көчүп келген. 2011-2019-жылдары профессионалдык рингде 27 беттеш өткөрүп, 26сын жеңген.
2013-жылы Нимани Билефельддин борборундагы уруштан кийин атышуудан жарадар болгон. Анда анын жамбашына жана тизесине эки ок тийген.