Жогорку Кеңештин депутаттары Польшадагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Польшадагы кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутаттар Гуля Кожокулова, Эльвира Сурабалдиева жана Айбек Маткеримов, ошондой эле Кыргызтандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Ага ылайык, жолугушуу кыргызстандык аялдардын биринчи европалык форумунун алдында өтүп, Кыргызстан менен анын чет жерде жашаган мекендештеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.

"Өмүрбек Текебаев Польшадагы кыргыз диаспорасынын кыргызстандыктардын коомдук турмушунда гана эмес, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды колдоодо да маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине токтолуп, Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын мисалында эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан