Казакстанда үрөй учурган жол кырсыгынан каза болгондорду жерге бере албай жатышат

Коңшу Казакстандын Актөбө облусунда болгон каргашалуу жол кырсыгында каза болгондорду алты күндөн бери жакындары жерге бере албай жатышат. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Актөбе облусунун Кеңкияк айылынын тургундары 6-марттагы каргашалуу кырсыктан каза болгон жакындарынын сөөгү эмне үчүн ушул күнгө чейин берилбей жатканын айтып, сөөктөрдү берүүнү талап кылышууда. Анда Актөбе-Астрахань жолунда таксиде отурган сегиз киши күйүп кеткен. Алардын төртөө балдар, эң кичүүсү болгону беш жашта болгон. Арадан бир жумадай убакыт өтсө дагы жакындары дагы деле маркумдардын сөөгүн жерге бере албай жатышат.

"Алты күндөн бери сөөктөрдү ала албай жатабыз. Бүт айыл күтүп жатат. Астанадан соттук-медициналык экспертти күтүп жатабыз дешти. Жалпысынан сөөктөрдү ким тааный турган бир эле эксперт болсо бул эмнеси?! Ушунча эл күтүп отурат. 70 жаштагы апам күтүп жатат, баласын жоготкон эне күтүп жатат. Жүздөрүн көрбөсөк да жок дегенде сөөктөрдү көмүү үчүн алат элек", - деди каза болгондордун тууганы Асел Адилова.

Өз кезегинде полиция каза болгондордун денелери катуу күйүп калгандыктан, аты-жөндөрүн аныктоодо кыйынчылыктар жаралганын түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, 6-мартта Актөбе-Астрахань унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Анда Lada Largus үлгүсүндөгү унаа менен Tоyota кагышкан. Анын кесепетинен Lada Largus үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Жыйынтыгында жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Дагы үч адам Мугалжар райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсыктан каза болгон сегиз адамдын төртөө жаш балдар. Алардын экөө бир үй-бүлөдөн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан