Беларусь президенти Александр Лукашенко Беларустун Швециядагы, Финляндиядагы, Германиядагы жана Кыргызстандагы элчилерин ээлеген кызматынан бошотту. Президенттин 11-мартта кол койгон жарлыгы улуттук укуктук интернет-порталда жарыяланды.
Беларусь Республикасынын конституциясынын 84-беренесинин 20-пунктуна ылайык, Швециядагы элчи Дмитрий Мирончик, Финляндиядагы элчи Алексей Самосуев, Германиядагы элчи Денис Сидоренко ээлеген кызматынан бошотулган.
Өз жарлыгы менен Лукашенко ошондой эле Андрей Страчкону Беларустун Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотту.