ЭЛДИК КАБАР:  "Эми таштандыны ким тазалайт?" Окурман көк бөрү оюнунан кийинки абал менен бөлүштү

Дача-Су айылынын жанындагы жерде кышы бою болгон көк бөрү оюнунан улам талаа бүт таштанды, эми мунун баарын ким тазалайт. Мындай билдирүүнү жергиликтүү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлап, жеринен тартылган видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, аталган айылдын жанындагы жерге кышы бою көк бөрү өткөрүлүп келет.

"Полянын" бардык жагында таштанды жатат. Жанагы аттарынын буттарына орогон материалдары, желим бөтөлкөлөр, баштыктар, бардыгы бар.

Эртең шамал болсо, мунун баары айылга учуп кирет. Бул нерсеге чара көрүлүшү керек да. Бул боюнча карай тургандар ушу улактын уюштуруучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйбү. Талаада таштанды деген нерсе "эрте жаздагы байчечекейдей" эле жайнап калды. Улакчылар ойноп-ойноп баарын ыргытып кетип калышат. Бирок бул жерде жашагандар биз болуп жатпайбызбы", - деди ал.

Ошондой эле окурман мындай көрүнүш 6-7 жылдан бери болуп келе жатканын айтып, тазалоо иштерин жыл сайын айыл эли жасап жатканын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

12.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан