Орусияда дагы бир Ил-76 учагы көрүстөнгө кулап түштү (видео)

Орусиянын Иваново облусунда аскердик Ил-76 учагы кулап түштү. Мындай видео социалдык тармактарга тарап, кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты тастыктады.

Учакта сегиз экипаж мүчөсү жана жети жүргүнчү болгон. Кырсыктын себеби абага көтөрүлүү учурунда кыймылдаткычтардын биринен өрт чыгышы болгон. Учак Иваново облусундагы көрүстөндөрдүн бирине кулаган. Орусиянын Аэрокосмостук күчтөрүнүн башкы командачылыгынын комиссиясы окуя болгон жерге учуп кетти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, учкуч аэродромго жетүүгө аракет кылган, бирок муну кыла албасын түшүнгөндөн кийин учакты турак жайлардан алыстата баштаган. Андан кийин учак көрүстөндүн жанындагы токойлуу жерге кулап түшкөн.

Борттогу адамдардын тагдыры азырынча белгисиз.

Буга чейин 24-январда дагы Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кулап түшкөн. Учакта Белгород облусуна алмашуу үчүн жеткирилген 65 украиналык аскер кызматкери, ошондой эле алты экипаж мүчөсү жана үч коштоп жүргөн адам болгону белгилүү болгон. Кырсыктын кесепетинен алардын бардыгы каза болгон.

Орусияда Ил-76 учагы кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан