Садыр Жапаров гандболчу Талант Дүйшөбаев менен жолугушту 

Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров гандбол боюнча машыктыруучу Талант Дүйшөбаев жана анын жубайы Ольга Шишкина менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы Талант Дүйшөбаевди мекени Кыргызстанга келишин жылуу кабыл алып, спортчунун жана машыктыруучунун шыктандыруучу жолун баса белгиледи.

Ошондой эле ал Талант Дүйшөбаевдин ийгилиги жаштарга жана келечектеги спорт чемпиондоруна мыкты өрнөк болорун айтып өттү.

"Садыр Жапаров мамлекет спортко өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Алсак, 2020-жылы спорт тармагына каралган бюджет 802 миллион сомду түзсө, 2024-жылга бекитилген бюджет 1 миллиард 800 миллион сомду түзөт",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, президент Кыргызстандын бардык аймактарындагы спорт мектептери үчүн биринчи жолу керектүү спорттук шаймандарды, анын ичинде гандбол топторун, ошондой эле медикаменттерди жана витаминдерди сатып алуу үчүн 60 миллион сом бөлүнгөнүнө токтолду.

Мындан башка өлкө башчы биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан да жакынкы күндөрү ар кандай деңгээлдеги чемпионаттарда спорттун гандбол түрү өзүн көрсөтө баштайт деген ишенимин билдирди.

Маалымат үчүн: Дүйшөбаев Талант Мушанбетович 1968-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ал гандбол тарыхындагы эң күчтүү оюнчулардын бири. Талант Дүйшөбаев 2014-жылдан бери Польшанын “Vive” командасында башкы машыктыруучу болуп иштеп келет. 2017-жылы “Манас” ордени менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да гандбол менен алектенет: анын жубайы Ольга Шишкина гандбол боюнча дүйнө чемпиону, ал эми уулдары Алексей менен Даниил да гандболчулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан