Владимир Путин Орусия өзөктүк согушка даяр экенин айтты

Аскердик-техникалык көз караштан алганда Орусия өзөктүк согушка даяр. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин теле алып баруучу Дмитрий Киселев менен болгон маегинде айтты.

Путин андагы маегинде өлкө интервенция катары каралышы мүмкүн болгон бардык аракеттерди, анын ичинде Орусиянын аймагына америкалык аскерлерди жайгаштырууну да олуттуу түрдө кабыл ала турганын билдирди.

"Аскердик-техникалык көз караштан алганда, биз, албетте даярбыз. Алар (ядролук ракеталар) ар дайым согушка даяр абалда”, - деген Путин.

Мамлекет башчысы ошондой эле бүгүнкү күндө АКШ да өзөктүк күчтөрүн өнүктүрүп жатканын, бирок бул алар согуш баштоого даяр дегенди билдирбей тургандыгын кошумчалады. Ошол эле учурда Путин АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө, Орусия да ошондой кылышы мүмкүн экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан