Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог жооп берет 

Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Орозо маалында кантип туура тамактануу керек жана кандай азыктарды жеш керек? Бул жолу SUPER.KG порталына орозо учурундагы туура тамактануу боюнча врач диетолог-нутрициолог Гүлүмбү Абжапарова кенен маалымат берди.

Орозонун организмге тийгизген таасири

Орозо кармоо ар бир мусулман адам үчүн Аллах тарабынан бекитилген парз болуп эсептелинет. Аллах Таала тарабынан бизге берген парздарда эч кандай зыяндуулук болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче орозодо пайда гана бар, анын үстүнө орозо кармоодо ар кандай жеңилдиктерди кошо берген. Ал нерсени биздин диний аалымдар жакшы түшүндүрүп берет.

Биздин организм түнү-күнү кызматта. Эгер биздин боорубуз иштебей калса же ичеги карын жакшы сиңирбей койсо эле канча көйгөй жаралат. Биздин организм 24 саат бою иштеп турат, ал дагы эс алууга муктаж. Ошол себептүү медицинада дагы жумасына эки жолу жеңилдетип, тамак сиңирүү системабызды эс алдыруу туура болот. Ал эми бул шариятта "Нафил Орозо" деп каралган. Бул учурда организмге ашыкча тамак келбей, сиңирүүдөн эс алат. Мунун организмге пайдасы чоң. Себеби, ашыкча тамактануу көп ооруларды алып келип жатат, ашыкча салмак, зат алмашуунун бузулушунун негизинде чыккан оорулар, тамак сиңирүү органдары бузулган оорулар, жүрөк кан тамыр оорулары. Ал эми орозодо организмди ашыкча, зыяндуу тамактануудан арылтып, эс алдырабыз. Бул бизге пайда гана берет, орозо кармоонун дени сак адамдар үчүн эч кандай зыяны жок.

Оозду кайсы азыктар менен ачуу керек

Оозду сөзсүз түрдө курма жана жылуу суу менен ачабыз. Эмне үчүн курма? Курма - бул клетчатканын, глюкозанын, пайдалуу микро элементтердин булагы. Курма канга бат сиңип, мээге тез жетип, акыл-эсибизди ылдам чогултууга, чарчоону жазганга жакшы жардам берет. Ал эми суу көп убакыт ачка жүрүп, ашказанга чогулган ашказан кычкылын жок кылат. Суу ичкенде ичеги карын тазаланып, тамак сиңирүүгө даярдалат.

Ооз ачылган соң бизде шам намазы окулат, ал өзүнчө убакытты талап кылат. Биз жеген курма, ичкен суу намаз окуп жаткан учурда сиңип, бизди жакшы маанайга алып келет. Ошол сүннөт амал бизди ашыкча тамактануудан сактайт. Себеби, ашказанга суюктук барды, глюкоза каныбызга сиңди. Эгерде биз туура эмес тамактар менен ооз ача турган болсок, ашказанды туура эмес азыктар менен толтуруп алышыбыз мүмкүн.

Орозодо куурулбаган, суюк тамак ичишибиз керек. Эгер куурулган тамак болсо, анда чала курулганы жакшы, айтор суюк тамак бизге пайдалуу болот. Ошондой эле камыр эмес, башка пайдалуу дан азыктарынан жасалган шорпо болсо жакшы. Анан сөзсүз түрдө жер жемиштерден жасалган салат себеби, жер жемиштерде пайдалуу витаминдер көп. Алар биздин ашказанды көлөм менен толтуруп, бизди ашыкча тамак жегенден алдын алат.

Орозодо организмге пайдалуу азыктар

Орозодо азыктарды тандоодо сөзсүз түрдө нукура азыктарга басым жасаш керек. Учурда биздин базарларда нукура эмес азыктардын түрлөрү аябай көбөйдү. Мисалы: сүт азыктары нукура эмес, аларга жыт, даам берүүчү жана сактоо мөөнөтүн жогорулатуучу заттар кошулуп калды. Эгерде сизде сүт бар болсо, айранды өзүңүз уюта турган болсоңуз бул эң сонун нукура сүт азыктары болуп саналат. Ал эми жер-жемиш, мөмө-жемиштерди биздин Кыргызстанда өндүрүлгөнүн алган туура. Өзүбүздүн эле короодогу сабиз, кызылча, капустадан кошуп салат жасап жеш керек. Кытайдан келген жер жемиштерге басым жасабай, алардан баш тартуу керек. Себеби, Кытайдан келген жүзүм, алма, мандариндин сырты эле кооз, бирок эч кандай пайдасы жок. Андыктан азыктарды тандоодо нукуралыгына басым жасайбыз. Ал эми дан азыктары боюнча, бизде дан азыктарынын түрлөрү аябай көп. Мисалы: сулуу, гречка, күрүч, фасоль жана башкалар булардын баары орозо маалында кеңири колдонулган азыктар.

Орозодо баш тартуучу азыктар

Орозодо баш тартуучу азыктар булар: тез татым, курамында жыт, боёк жана даам берүүчү кошулмалар кошулган азыктар, газдалган суусундуктар, түстөрү ар түрдүү болгон суусундуктардын түрлөрү, курамына кант кошулган таттуу азыктар булардын бардыгынын килокалориясы жогору, бирок пайдасы өтө төмөн болуп саналат.

Орозо маалында сууну кандай ичүү керек

Күндүз суусабай жүрүү үчүн, оозду бекиткенде эле эмес, ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин суу ичкен туура. Сууну көптөн ичпөө керек, бир ичкенде жарым литр суу ичүү бул туура эмес. Ооз ачканда бир стакан суу ичип, бир сааттан кийин дагы бир стакан суу ичкен туура, ушундай кылып бөлүп-бөлүп ичүү керек. Эң акыркы сууну таравих намазынан кийин ичсе болот. Биздин организм дагы эс алышы абзел, ооз бекитер алдында дагы сууну аз-аздан ичебиз. Суу баланска эмнелер кирет: биз ичкен кадимки чайлар, газдалбаган таза суу жана үй шартында кургатылган азыктардан жасалган компот.

Адамды ток кармай турган азыктар

Орозодо адамды ток кармай турган азыктар булар: сууга, бууга бышырылган, куурулган нукура эт азыгы жана балык, тоок эти, жумуртка ушул азыктар адамды ток кармайт. Андан сырткары дан азыктары, мисалы: сулуу, гречка ушул сыяктуу азыктар биздин ток жүрүүбүзгө жардам берет.

Оозду кандай азыктар менен бекитүү керек

Ооз бекиткенде биз сөзсүз түрдө тамак жешибиз керек. Биздин Пайгамбарыбыз (САВ) дагы айткан эртең мененки тамакта береке бар деп. Ал эми бул нерсени медицинада кантип тастыктайт? Эртең мененки тамак өтө маанилүү, тилекке каршы көпчүлүк адамдар эртең менен тамак жей алышпайт, себеби алардын кечки тамактануусу туура эмес. Анткени, алардын ооз ачканда жеген тамактарын организм сиңирип бүтө элек, ошол себептүү ооз бекиткенде тамакка табит болбойт. Ошол учурда биз сөзсүз түрдө татаал углевод, белок кошулган жана жер жемиштер, мөмө-жемиштер кошулган аралаш тамак жегенибиз туура болот. Эгерде биз ооз жапканда жеңил эле тамактанып алсак, энергиябыз аз болуп калат. Күндүз бизде чарчоо, алсыроо, баш айлануу болот себеби, организм иштеп турганга дагы килокалория керек. Ошол себептүү ооз ачканда жеңил тамактанабыз, ал эми ооз бекиткенде күчтүүрөөк тамактануу керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан