Владимир Путиндин аталаш тууганы каза болду

Орусиянын президенти Владимир Путиндин аталаш бир тууганы каза болду. Бул тууралуу IvanovoNews басылмасы билдирди.

Евгений Путин 92 жашында каза болгон. Анын сөөгү өткөн жекшембиде Иваново шаарында жерге берилген.

Белгилүү болгондой, президенттин аталаш агасы көп убакыт Ивановодо жашап, ал жерде дарыгер болуп иштеген. Ал 1970-жылдан 1990-жылга чейин бейтаптарды караган алдыңкы уролог катары белгилүү болгон.

Басылма белгилегендей, Евгений Путин Орусия президентинин аталаш бир тууганы. Алардын аталары Владимир Спиридонович менен Михаил Спиридонович бир тууган болушкан.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, Евгений Путиндин уулу Михаил "Газпромдун" башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын ээлейт. Ал эми кызы Анна Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилевдин жубайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан