Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов казино иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун колдогону үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады.
"Бүгүн Орозодо мен сиздерден кечирим сурап коёюн, өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым "Колдобо" дегенине карабай мен мамлекеттин саясаты үчүн казинону колдоп бергем. Ошол колдогонум үчүн кечирип койгула, кыргыз элим, мен туура эмес кылыптырмын.
Ушул жерге Акылбек Жапаров келип "Колдогула, жылына 2 миллиард түшүрөбүз" деп айткан. Кечээ карасам 100 миллион дагы түшпөптүр.
Мен казинону колдогонум үчүн кечирим сурайм, өкүнүп жатам", - деди Шайлообек Атазов.