Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов борбордук трибунага чыгып сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Анда Атазов президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден аны чакырып, угуп коюуну суранды.
"Урматтуу президент сиз Москада жолукканда айттыңыз эле "Бийликке барсам, жанымда болосуң" деп. Жаныңызда эмес бир жылдан бери кабыл алууңузга кире албай жүрөм.
Мени чакырып угуңуздар. Бүгүн тегерегиңизге кимдер топтолгонун айтып берейин. Анан каалаган чечим чыгара бериңиздер. Кыргыз элинин акыркы үмүтү болгон болчу бул", - деди Атазов.