Иранда Чахаршанбе-Сури жаңы жыл майрамынын натыйжасында төрт миңден ашуун адам жаракат алып, 26 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта чет элдик басылмалар жазды.
Буга чейин кеминде 17 адам каза болгону жана 2 миңден көп адам жаракат алышканы кабарланган.
Маалыматтарга караганда, жабыркагандардын арасында 152 адам колу-бутунан ажырап, 700ү көзүнөн жаракат алган. Ал эми 681 адам күйүк алган.
"Жергиликтүү бийлик жыл сайын майрам алдында калкка фейерверктердин коркунучу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бирок буга карабастан перс каада-салттарынан келип чыккан бул байыркы майрам өлүм менен коштолуп келет. Алсак, былтыр да ушул эле мааракеде кеминде 17 адам каза болуп, 700дөн ашууну жарадар болгон", - деп айтылат билдирүүлөрдө.
Маалымат үчүн: Чахаршанбе-Сури - ирандыктар үчүн жарыктын жана тазалыктын символу катары майрамдалат. Аталган майрам Иранда Жаңы жыл делген 21-март Нооруз майрамы алдында белгиленет. Майрам жаздын келишин жана жаратылыштын кайра жаралышын билдирет.
Салт боюнча Чахаршанбе-Сури календардык жылдын акыркы шаршембисинин түнүндө белгиленет. Анткени өлкөдө шаршемби күнү “чахаршанбе” деп айтылат. Бирок майрамдын өзү эки-үч жума мурун башталат. Анда ирандыктар кечинде көчөлөргө от жагып, анын үстүнөн секирип өтүшөт.
Ошондой эле заман талабына байланыштуу жардыргычтар да колдонулат. Тилекке каршы, аны даярдоодо жана колдонууда коопсуздук чаралары сакталбайт. Мунун натыйжасында турак жайларда, көчөлөрдө жарылуулар болуп, жолдон өтүп бара жаткандар, балдар жана чоңдор, анын ичинде ден соолугу начар адамдар майрамдын курмандыгы болушат.