Түркияда Тажикстандын өкмөтүнө оппозиция болгон “Группа 24” саясий кыймылынын жетекчиси Сухроб Зафар дайынсыз жоголду. Бул тууралуу BRIEF телеграм каналы жазды.
Сухроб Зафар 2014-жылдан бери Түркияда жашайт. Кыймылдын активисттери ал 10-март күнү эртең менен байланышка чыкпай калганын, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. “Группа 24” саясий кыймылынын мүчөлөрүнүн айтымында ага буга чейин дагы коркутуулар болуп келген.
"Биз Сухроб Зафарды табууга аракет кылып жатабыз, бирок азырынча майнап чыга элек. Эгер биздин кыймылдын лидерин таппасак, башка ыкмаларды колдонобуз", - деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.
Февраль айында дагы кыймылдын өкүлдөрү Стамбулда "Группа-24" уюмунун 39 жаштагы мүчөсү Насимжон Шарифов жоголуп кеткенин кабарлашкан. Азырынча анын кайда экени белгисиз.
“Группа 24” 2015-жылы январда Стамбулда өлтүрүлгөн тажикстандык ишкер жана оппозиционер Умарали Кувватов тарабынан 2012-жылы Москвада түзүлгөн коомдук-саясий кыймыл.