Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-мартта БШКдан билдирди.

Эл өкүлү эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШКнын бүгүнкү отурумунда анын арызы каралат.

Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан