Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 13-марттагы отурумунда анын арызын канааттандырды.
Буга чейин эл өкүлү өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганы маалым болгон.
Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.