Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова мандат маселеси боюнча комментарий берди.
Эл өкүлү Govori.TV сайтына берген кыска маегинде "өзүнүн мандатын тапшырып кетет экен" деген сөздү тескери маалыматтардын бири катары кабыл алганын айтып, мандатын тапшырууга эч кандай негиз жок экенин белгилеген.
"Өзүңүздөр билесиздер Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жармаштырып, мандатын тапшырсын деп жүрүшөт. Кыргызстандагы 99 пайыз саясатчы, чиновниктердин бардыгы Матраимовду таанышат. Ал бала кыргыздын жөнөкөй баласы эмес, элге, өзгөчө бей-бечара, жетим-жесирлерге өзүнүн колунан келишинче жардам көрсөтүп келген. Мамлекеттик деңгээлде деле жардам көрсөтүп келген, өзүңөр билесиңер коронавирус учурунда элге жардам бергени реалдуу жашоонун чындыгы. Матраимов жетектеген ошол фонд учурунда элге жардам бергенин айткам. Аны мен эле эмес, жүздөгөн адамдар Матраимов жөнүндө жакшы сөздөрүн айтышкан. Аны дагы деле айта берем. Бирөөнүн жакшылыгын айтып коюу кылмыш эмес", - деди Нарматова.