Жыпаркүл Бектемирова Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Ал эми бүгүн, 13-мартта облус башчысынын орун басары Айнура Султанбаева Жыпаркүл Бектемированы райондун активине тааныштырды", - деп айтылат маалыматта.