Бүгүн, 14-мартта президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда ал өзүнүн дарегине айтылган дооматтарга жооп берген. Ошол эле кезде кечээ, 13-мартта депутат Шайлообек Атазовдун парламентте президенттин кабыл албай жатканы боюнча айткан нааразычылыгына пикирин билдирди.
"Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Аксы окуясынан баштап, апрель, июнь, октябрь окуяларында жабыр тарткандарды, аксакал, көк сакалдарды кабыл алдым. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн", - деген Жапаров.