Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, камактагы Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди.
Өлкө башчы кечээ, 13-мартта Бекназаровдун социалдык тармактарга чыккан кайрылуусу боюнча кабары бар экенин айтып, анын тагдырын сот гана чечерин билдирди.
"Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес, канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип жаткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды.
Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровго дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. "Илгерки заманың өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө" деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге", - деген Жапаров.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров 2022-жылдын 22-октябрында камакка алынган.