"Тезек жагып тамак бышырабы?". Кадырбеков ооз ачарда жарык өчүрүлүп жатканын сынга алды

Бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айылдарда кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканын сынга алды.

"Айылдарда ооз ачарга 15 мүнөт калганда жарык өчүрүлүп жатыптыр. Өчүрүп, үнөмдөсөңүздөр күндүз өчүрүңүздөр. Кечинде эмне тезек жагып тамак бышырышабы? Ушуну көзөмөлгө алып, чечип бериңиздерчи. Эл-журттун батасын алат элек", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 14.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан