"Ушундай кете берсек, бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт"Акаев дарыгерлерди коргоого чакырды

Ысык-Көлдө бир күндө беш дарыгердин жумуштан кетүүсү - медицина тармагы үчүн чоң коңгуроо. Мындай пикирди бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү акыркы убактарда дарыгер, медайымдар иш учурунда сабалган учурлардын көп катталуусу, дарыгерлерди коргогон катаал мыйзам зарыл экендигин көрсөткөнүн белгилеп, бул багытта мыйзам долбоорун жазып чыгышканын айтты.

"Биз дарыгерлерди карабай таштап салдык. Алар чүнчүп кетти. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылы 2125 дарыгер иштен кетиптир. Жүздөгөн дарыгерлерибиз Орусияга жумуш издеп кетүүдө. Эгер ушундай нукта кете берсек, бара-бара бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт. Ошондуктан өкмөт менен парламент биргеликте иш алып барып, дарыгерлерибизди коргойлу", - деди Акаев.

.

Жогорку Кеңеш 14.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан