Бишкекте 15 кабат үй түрттүрүлүп, жүздөгөн адам үй-жайсыз калганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
"Элебаев менен Кулатов көчөсүндөгү үйдү сүрдүрүү боюнча Жогорку сот чечим кабыл алыптыр. Ал жерде жүздөгөн адам жашап жатат, бекер алган эмес, акчага сатып алган. Жогорку сотто иштегендердин үйү жогу болбосо керек, жакшы үйлөрдө жашайт. А карапайым эл кайда барат?", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал борбор калаада мыйзамсыз курулган 38 көп кабаттуу үй бар экенин белгилеп, ал жакта жашаган адамдардын үйү түрттүрүлө турган болсо, 10 миңдей адам үй-жайсыз каларын айтты.
"Шаар ичинде ушундай 38 көп кабаттуу үй бар экен. Алардын баарын кубалап чыксак, жок эле дегенде 10 миң адам болот. Алар каякка барат, ошол кезде каякты карашты? Анда тиешелүү тараптардын баарын жоопко тартыш керек. Мыйзамсыз куруп жатканда, сатып жатканда каякты карадыңар эле?! Ушундай нерселер келип-келип таарынычтарга алып келет. "Үңкүрдөй болсо дагы үйүм болсун" деген сөз бар", - деди Кадырбеков.
Белгилей кетсек, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги былтыр декабрда Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган 38 турак жай объектилеринин тизмесин жарыялап, соттук териштирүү иштери аяктаганга жана соттун чечими чыкканга чейин ал объектилерден турак жай сатып албоону сунуштаган.