Талапкер болууга арыз бергендердин саны 8ге жетти. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 14-мартка карата №9 Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арзы бергендердин саны төрткө жетти. Алар: Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек, Орунбаев, Сталбек Ажимаматов.
Ал эми №2 Баткен шайлоо округунан да талапкерлигин көрсөткөндөр да төрттү түзүүдө. Алар: Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев жана Максатбек Дыйканов.
Эскерте кетсек, бир мандаттуу №2 Баткен жана №9 Кара-Суу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.