Кыргыз Эл артисти Талгарбек Жакшылыков 60 жашында дүйнө салды 

Кыргыз Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков 60 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдирди.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган. 1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.

1998-2000-жылдары Италиянын Кальи шаарындагы Мар­во Дель Монако академиясында сабак алган. 2001-жылдан кийин Казакстандын Астана шаарындагы опера жана балет театрында да иштеген.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Тейитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») жана башка каармандардын партияларын ырдап, дүйнөлүк жана жергиликтүү композиторлордун ырларын‚ романстарын чебер аткарган. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

2003-жылы Кыргыз Эл артисти наамы менен сыйланган Талгарбек Жакшылыков соңку кезде Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда эмгектенип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан