Ошто кайра шайлоо качан өтөрү белгилүү болду


№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, “Президенттин жана Кыргыз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине, жекшембиге дайындалсын.

2. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия мыйзамдарга ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.

3. Министрлер кабинети:

– шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

– шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;

– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;

– шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга көмөк көрсөтсүн;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

– Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.

4. Башкы прокуратура шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан