Айыл чарба министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Өлкөнүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлыгына Асел Кененбаева, ал эми суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарлыгына Мирбек Дуйшеев келди.

Ошондой эле Кубат Касейинов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин өкмөт башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Мурат Раматов, Майл Алияскаров жана Айнура Туйбаева айыл чарба министринин орун басарлары кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан