Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн, 15-мартта өтүп жаткан Орусиядагы президенттик шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары билдирди.
Мааламдалгандай, министр эртең менен Москванын борборундагы шайлоо участкаларынын бирине келип, жарандык милдетин аткарды.
Ал эми өлкөнүн федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко добушун Санкт-Петербург шаарындагы шайлоо участкасында берди. Матвиенко чогулгандарды президенттик шайлоого добуш берүүнүн башталышы менен куттуктап, таң эрте добушун берген шайлоочуларга ыраазычылык билдирди.
Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин Москванын Пресненский районундагы №75 шайлоо участогунда өз тандоосун жасады.
"Мен Орусиянын президентин шайлоодо добуш бердим. Эртеден бери шайлоо участкасында эл көп, алар активдүү добуш берип жатышат. Баары жакшы, майрамдык маанайда өтүп жатат. Жарандар бул үч күндүн ичинде өлкөбүздүн келечеги, күчтүү жана эгемен Орусия үчүн добуш берүү канчалык маанилүү экенин түшүнүшөт", - деген Вячеслав Володин.
Крымдын башчысы Сергей Аксенов жарандык милдетин Симферополь шаарында аткарып, крымдыктарды балдардын коопсуздугу, өнүгүүсү жана келечеги үчүн активдүү добуш берүүгө чакырды.
Мындан тышкары Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Түштүк аскер округундагы шайлоо участкаларынын биринде президенттик шайлоодо добуш беришти. Алардын добуш берип жатканда тартылган видеосун Коргоо министрлиги жарыялады.
Эске салсак, Орусиядагы президенттик шайлоого добуш берүү бүгүн, 15-мартта башталды. Ал үч күнгө (15-16-17-март) созулат. Мамлекет башчылыгына өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган төрт талапкер: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышууда.
Баш мыйзамга ылайык, Орусиянын жетекчиси алты жылга шайланат.