Президент Садыр Жапаров “Президенттин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Президенттин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:
1) ишкердик субъекти тарабынан мыйзамдарды бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;
2) салык кызматынын органдары;
3) бажы органдары;
4) тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү;
5) банк мыйзамдарына ылайык функцияларды жүзөгө ашыруучу Улуттук банк.
2. Башкы прокуратура президенттин Администрациясы менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө:
– мамлекеттик органдар тарабынан ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү эсепке алуу системасына талдоо жүргүзсүн;
– жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо менен ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын.
3. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.