Кыргызстандын мектептери 12 жылдык билим берүүгө өттү. Токтом кабыл алынды

Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду карап, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жактырышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүүнү жана заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт.

Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100 пайыз милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат.

"Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки даярдоо үчүн 4 миң 48ден ашык класстар уюштурулат. Ошондой эле алар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу окуу эмеректери жана окуу куралдары менен жабдылган",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мектеп имараттарын жана алардын материалдык-техникалык жактан жабдылышын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча окуучуларга кошумча орун берүү зарылдыгын чечүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан