Токаев Казакстандын гербин өзгөртүүнү сунуштады 

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөнүн гербин өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайдын үчүнчү жыйынында билдиргенин казак басылмалары жазып чыкты.

Өлкө башчынын айтымында, учурдагы гербде электика жана советтик доордун элементтери болгондуктан анын маанисин түшүнүү кыйын.

"Эгер эл макул болсо бардык аспектилерди карап, коомдук талкууларды өткөрө турган атайын комиссия түзүүгө болот. Андан соң Казакстандын жаңы гербинин эң мыкты эскизине ачык сынак жарыяланат", - деген Токаев.



                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан