Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.