Дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чан иш-чаралардын биринде күйөрмандары менен жолугушту. Күйөрмандар кино легендасынын көптөгөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашкан.
Көптөр актёрдун бир топ карып калганын дароо байкап, анын өңү муңайым тартып калганын жазышкан. Социалдык тармактардагы күйөрмандары убакыттын тез учканына нааразы болушууда. Жеки Чан апрелдин башында 70ке чыгат.
Айрым интернет колдонуучулар сүрөттөр жөн гана сапатсыз тартылып калганын жазышууда.
Эске сала кетсек, 25-декабрда кытайлык маалымат каражаттар Жеки Чан баш мээсинен жаракат алып, тез арада ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат тарата баштаган. Бирок кийинчерээк бул маалыматтар жокко чыгарылган.