Түркиянын түштүк-чыгышында жол кырсыгынан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын коопсуздук кызматынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу митингде Түркиянын президенти өзү билдирди.
"Шырнактагы митингибизден кийин болгон автокырсыктын кесепетинен полиция кызматкери Фырат Дере каза болгонуна көңүл айтам жана кырсыктан жабыркаган кызматкерлердин тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деген Эрдоган Мардин шаарында 31-мартта боло турган муниципалдык шайлоо алдындагы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында.
Эрдогандын кортежи Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шырнак провинциясынын Идил аймагында митингден кийин кырсыкка учурап, натыйжада бир полиция кызматкери каза болуп, үчөө жаракат алган, анын ичинде экөө полиция кызматкери.