Футбол: Түркиянын "Фенербахче" клубунун оюнчулары күйөрмандар менен массалык түрдө мушташты (видео)

Футбол боюнча Түркия чемпиондугунун 30-турдук оюнунан кийин талаадан футболчулар менен күйөрмандар массалык түрдө мушташты.

Анда "Трабзонспор" клубу өз үйүндө стамбулдук "Фенербахче" клубун кабыл алып, 2:3 эсебинде утулуп калган. Финалдык ышкырыктан кийин "Фенербахче" клубунун оюнчулары жеңишин майрамдап жатканда күйөрмандар талаага чуркап чыга баштаган. Андан кийин талаада футболчулар менен күйөмандар массалык түрдө мушташкан.

"Фенербахченин" оюнчуларынан Брайт Осаи-Самуэл менен Миши Батшуайи өзгөчө айырмаланышты. Алар күйөрмандарга бир нече сокку урууга жетишишкен.

Жыйынтыгында мушташы коопсуздук кызматы токтоткон.

Түркияда футболчулар менен күйөрмандар мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан