Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бүгүн, 18-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Жапаров Путинди шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Орусия элинин эгемендүүлүктү бекемдөө, мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана тышкы саясатын ачык жүргүзүү боюнча саясатын таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.

"Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер приоритеттүү чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Путин Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондо эле сүйлөшүүдө өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташууну, ошондой эле ушул жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик жыйынын талкуулашкан. Жыйынга Садыр Жапаров да катышмакчы.

Эскерте кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март аралыгында өтүп, ага 4 талапкер катышты. Орусиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Владимир Путин шайлоочулардын 87,68 пайыз добушуна ээ болуп, алдыда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан