Акылбек Жапаров Open AI компаниясынын вице-президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Open AI компаниясынын вице-президенти Арка Дар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, өкмөт жасалма интеллектти өнүктүрүү менен алектенген кыргызстандык стартаптарды тийиштүү деңгээлде колдойт. Ал кыргыз тилин таануу жана тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн жасалма интеллект даярдоо максатында өткөн жылы суперкомпьютер алынганы тууралуу айтып берди.

“Министрлер кабинетинин төрагасы катары мен кыргыз тили санариптик дүйнөдө анчалык кеңири тарала электигине тынчсызданам. Санариптештирилбеген тилдер жазма тили жок тилдер сыяктуу тагдырга туш болот, алар жок болуп кетүү коркунучу болбойбу деп кабатырланам. Биз үчүн кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү улуттук эгемендүүлүгүбүздүн маселеси”, - деди ал.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин Open AI менен узак мөөнөттүү кызматташууга даярдыгын белгиледи.

“Биз сиздин компанияңыздын инновациялык технологияларын тестирлөө жана пилоттук өткөрүү үчүн аянтча катары иштөөгө даярбыз. Биз азыр мамлекетти санариптештирүү жаатында чечкиндүү кадамдарды жасап жатабыз жана мамлекеттик башкарууну реформалоодо жасалма интеллектти колдонууга даярбыз”, - деди ал.

Өз кезегинде, Open AI компаниясынын вице-президенти Арка Дар, мындан аркы кызматташууга жана жасалма интеллектти колдонуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

“Кыргызстандын өкмөтү жасалма интеллектти колдонуу менен долбоорлорду иштеп чыгууга абдан кызыкдар экендиги кубандырат. Биздин команда жемиштүү кызматташууга даяр”, - деди

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан