Тажикстанда банкирдин өлүмүнө айыпталган 5 киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Тажикстанда Ориенбанктын төрагасынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевдин өлүмүнө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалымдалгандай, белгилүү банкирдин өлүмүнө айыпталган 14 кишинин бешөө - Дилшод Саидмуродов, Камаруззамон Азизов, Акбар Ахмадов, Бахтовар Сафаров жана Шохрух Хужаев өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Калган тогуз киши 1 жылдан 8 жылга чейинки түрдүү мөөнөттөргө түрмөгө кесилди.

Быйыл январь айында башталган сот жараяны жабык өттү.

Өлкөнүн башкы прокурору Исматуллоевдин өлүмүнө шектүү адамдар жалпысынан 18 экенин, алардын 14ү буга чейин соттолгонун билдирген. Алардын экөө издөөдө жүргөнүн, дагы экөө каза болгонун кошумчалаган.

Эске салсак, 49 жаштагы Шухрат Исматуллоевди былтыр 23-июнда уурдап кетишкен. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топ машинага күчтөп салып кетип, ур-токмокко алып, түрдүү каражаттар менен кыйнап өлтүргөнүн, кылмыштин изин жашыруу максатында Дүйшөмбү – Чанак автожолунун 130-чакырымындагы Зарафшан суусуна таштап жиберишкенин маалымдаган.

Маркумдун жансыз денеси 13-августта Согди облусунун Пенжикент шаарына жакын жердеги кыштактардын биринен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан