Орусияда шахта ураган. Жер астында 15тей адам болушу мүмкүн

Алдын ала маалыматтар боюнча, 15 адам Амур облусундагы алтын кениндеги "Пионер" шахтасында калып кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Амур облусунун Зея муниципалдык районундагы жер астындагы шахтада таш урап түшкөн жерге куткаруучулар жөнөтүлгөнүн тактады. Облустук тергөө комитети шахтадагы кыйроо боюнча иликтөө иштерин уюштурган.

Шахтанын асытнда калган адамдар 100-150 метр тереңдикте болушу мүмкүн, курмандыктар тууралуу азырынча маалымат жок. Шахтёрлорго тоо-куткаруучулар тобу жиберилди. Алар коммуникацияларды калыбына келтирүү жана шахтаны тазалоого аракеттенип жатышат.

Кендин кыйрашы боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан