Белгилүү орус комментатору Василий Уткин каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Журналист жана "Эгриси" футбол клубунун ээси 52 жашында дүйнө салды.
"Бул постту жазуу биз үчүн абдан кыйын болду. Бирок бул чын. Василий азыр биз менен эмес" деп жазды "Эгриси" футбол клубунун басма сөз кызматы өзүнүн социалдык тармактарында.
Анын өлүмүнүн себеби так айтылган жок. Айрым басылмалар гана маркумдун өпкөсүнө кан уюп калганын жазышты.
Василий Уткин 1990-жылдардын ортосунда NTV жана NTV-Plus телеканалдарында футбол комментатору, журналист жана "Футбол клубу" телеберүүсүнүн алып баруучусу катары атактуулукка ээ болгон. 2018-жылдын июнь айында Уткин өзүнүн автордук YouTube каналында "Футбол клубу" программасын кайра баштаган.
Ал 2004 жана 2005-жылдары "Мыкты спорт комментатору" наамына ээ болгон.