Атактуу мушкер Майк Тайсон америкалык блогер Жейк Пол менен беттеши үчүн болжол менен 20 миллион доллар алат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Тайсон 20-июлда АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарындагы "AT&T" стадионунда беттешет. 57 жаштагы оор салмактагы мушкердин атаандашы проффесионалдык рингде он беттеш өткөргөн америкалык блогер Жейк Пол болмокчу. Беттеш көргөзмөлүү болобу же профессионалдык беттеш болобу азырынча белгисиз. Эки мушкердин беттеши Netflix платформасында көрсөтүлөт.
Майк Тайсон 2005-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Ал оор салмактагы WBA, IBF жана WBC дүйнө чемпиону болгон.