Василий Уткиндин акыркы сүрөтү жарыяланды

"Тулуп Тутберидзе" Telegram каналы каза болгон орус спорт баяндамачысы Василий Уткиндин акыркы сүрөтүн жарыялады.

Сүрөт маркумдун кеңсесинде тартылган. Анда спорттук телевидение легендасы жаркыраган токулган топу кийген. Мындан 4 ай мурун дарыгерлдер ага арыктоону сунуштаган. Туура эки жума мурун ал салмак таштоону баштаган.

Анын өлүмүнүн себеби так айтылган жок. Айрым басылмалар гана маркумдун өпкөсүнө кан уюп калганын жазышты.

Василий Уткин 1990-жылдардын ортосунда NTV жана NTV-Plus телеканалдарында футбол комментатору, журналист жана "Футбол клубу" телеберүүсүнүн алып баруучусу катары атактуулукка ээ болгон. 2018-жылдын июнь айында Уткин өзүнүн автордук YouTube каналында "Футбол клубу" программасын кайра баштаган.

Ал 2004 жана 2005-жылдары "Мыкты спорт комментатору" наамына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан