Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жыйын 8-майда Москва шаарында өтөт.
Эл аралык уюмдун курамына Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения кирет.