Бир мандаттуу №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Ага ылайык, Кара-Суу округунан талапкер болууга арыз бергендердин саны 7 киши. Алар: Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов, Илимбек Кубанычбеков, Руслан Маматов, Толкун Эргешов.
Ал эми Баткен шайлоо округунан талапкерликке 6 адам арыз берген. Алар: Алимберди Бегматов, Кеңеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов, Бакытбек Шадыманов, Асылбек Мадалиев.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Ага талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.